Хелпикс

Главная

Контакты

Случайная статья





Адеп тарбиясы. Адептуулук жөнундо макал-лакаптар



Адеп тарбиясы

Адеп тарбиясы - адамдын коомдогу моралдык аң-сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм-турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо. Адамдын эрки менен рухий байлыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. Адеп тарбиясы эмгекке жана коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө жана ар ким өзүнүн жүрүм-турумуна сын көз менен кароого жана башка кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтөт. Ал коомдук аң-сезимдин эң маанилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбияланып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш-туруштун тигил же бул эрежелерине калыптануусу негизинен балалык, өспүрүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп-өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социалдык түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.

Аалым болуу башка нерсе, адам болуу башка нерсе. Аалым илими менен адамзатка моюн сунуп, адеп-ахлагы жана жакшы сапаттары менен илимдүүлүгүн көргөзгөндүгүнө жараша улуу инсандык деңгээлге чыгат. Тескерисинче болсо, ал өмүрүн текке кетирген бир байкуш. Адеп-ахлак жана жакшы сапаттар адам баласынын түркөйлүгүн жоёт.

Адептуулук жөнундо макал-лакаптар

* * *

Алдансаң да, башкаларды алдаба! Ошондой эле, эң улуу сапат болгону менен кээде жоготууга себеп болсо да, чынчылдыктан, түз жолдон тайба!

* * *

Бүгүнкү күнүбүздө адеп-ахлак улуу сапаттардын жыйнагы деп саналбайт. Азыркы замандын адамдары адеп-ахлакты сылыктык жана тарбиялуу болуу деп гана түшүнгүсү келет. Мына ушунчалык деңгээлде болсо да, аны баарында көрө алсак кана, аттиң!

* * *

Адеп-ахлак адам баласынын кыймыл-аракеттерине байланышкан бир топ улуу эрежелерди камтыйт.

* * *

Мурдараак “Адептүүлүк китептерде гана калды”,- деп айтылчу. Эми “Эски китептерде калды”,- деп айтылууда. Ошондой болсо да, эскиртилүүгө аракет кылынган бул баалуу нерсеге канчалаган “жаңыларды” садага чапса да татыйт.

* * *

Өз кызыкчылыгын башкалардын кызыкчылыгы үчүн курманчылыкка чалуу – улуулуктун белгиси. Эч кандай пайда көздөбөстөн, жакшы иштерди жасаган адамдар күтпөгөн жерден бардык жакшы ойлорун жана иштерин кезиктиргенде таң калып, ууртунда жылмаюу уялайт

* * *

 



  

© helpiks.su При использовании или копировании материалов прямая ссылка на сайт обязательна.