Хелпикс

Главная

Контакты

Случайная статья





Кыргызстан Ислам Университети. шарият кафедрасы . ИЛИМИЙ ИШ. тема:  Адептүүлү. Аткарган: Азимов Мухаммадюсуф. Текшерген : _____. КИРИШ СӨЗ



                                  Кыргызстан Ислам Университети

шарият кафедрасы 

ИЛИМИЙ ИШ

тема:  Адептүүлү


к

Аткарган: Азимов Мухаммадюсуф

Текшерген : _____________________________

КИРИШ СӨЗ

 

     Адеп – бул адамдын адамдык сапаттары, кулк-мүнөзү. Ал бийик-төмөн, же жакшы-жаман болуп экиге бөлүнөт. Ислам дини толугу менен жакшылык, адеп-ахлакка негизделет. Ал эң ириде бүтүндөй жандуу-жансызга карата, анын ичинде эл менен жылуу мамиледе болуу, чынчылдыкты, адилеттүүлүктү туу тутуу зарылчылыгын, бирөөнүн укугун тепсебөө, адамдын ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсүнүн айкалышып туруу, ар бир ишти түз бүтүрүү зарылчылыгын талаптайт.

   Пайгамбарыбыз: САВ «Мен адеп-ахлакты кемелине келтирип толуктоо үчүн жиберилдим» (Муватта, Хуснул-хулк, 8) деген. Пайгамбарыбыз элге ар дайым үлгүлүү өрнөк болгон. Ал кары-жаш, аял-эркек, кул-кедей, жарды-жалчы дебей жалпыга жылуу-жумшак мамиледе болуп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Алтургай душмандары дагы аны «калпычы, жалганчы» деп айыптоого ооз көптүрө да, анын ишенимдүүлүгүнөн да күмөн санай алышкан эмес. Чынчылдык жана ишенимдүүлүк анын иридеги адамдык бийик сапаттарынан болгон. Асыресе, Алла Таала ардактуу Пайгамбарыбызды алкоого алып: «Сен – улуу кулк-мүнөз ээсисиң.»(Калам сүрөсү, 4)деген. Изги адеп-ахлак Ислам дининин буйруктарын жан-дили менен сүйүп аткарып, тыюуларынан оолак болуу менен жүзөгө ашат. Изги адеп-ахлактын негизги мыйзам-эрежелери Ыйык Куран китебинде берилген.

    Адеп - ахлак – бул сараңдыктан да, ысырапкорлуктан да алыс туруу. Мусулман ар-намыстуу болушу зарыл. Ыйбаалуулук анын иридеги сапаттарынан. Ал арам иштерден такыр оолак болууга тийиш. Анткени алар адамдык бийик сапатка терс залакасын тийгизээри бышык. Жамандык кылуу менен изги адеп-ахлакка ээ болуу мүмкүн эмес. Азирети Али: «Мыкты адеп-ахлак үч нерседе (катылуу): Арам иштерден алыс туруу, ар нерсени адалынан табууга аракет кылуу жана мүмкүн болушунча үй-бүлөгө жакшы шарттарды түзүп берүү» – дейт.

Жакшылыктын булагы – тек Алла Таала гана. Ким Ага канчалык жакын болсо, ал адам ошончолук мыкты адеп-ахлакка ээ болот. Жалгыз Аллага ишенген, Аны жан-дилден сүйгөн адам бардык жандуу-жансыз нерселерди да жакшы көрөт, баарысына кучак жая айкөл мамиледе болот. Аллага жакын адам Ага болгон ыйбаалуулугунан, адебинен улам ар бир таштаган кадамына кылдат

Адеп-ахлак жөнүндө куттуу хадистер :

    «Адам мыкты адеп-ахлак менен күндүзү орозо кармап, түнкүсүн туруп намаз окугандардын даражасына ээ болот» (Абу Дауд, Адаб, 7).

    «Момун-мусулмандардын ыйманы жагынан кемелине келгени – эң изги адеп-ахлактуусу» (Ибни Хиббан, Сахих, IX, 483).

      «Силердин мага эң сүйүктүүңөр жана кыямат күнү мага эң жакыныңар – адеп-ахлагы эң бийик болгонуңар болот» (Ибни Хиббан, Сахих, II, 231).

    Алла Элчисинен адамдарды бейишке чыгарчу нерселер жөнүндө суралганда: «Алла Таалага карата такыбаа жана мыкты адептүү болуу» – деп жооп берген. Ал эми адамдарды тозокко түшүрчү нерселер тууралуу суралганда: «Ооз (тил) жана жыныс мүчө!» – деп жооп кайтарган (Тирмизи, Бирр, 62).

 

      Ыймандуу адам оболу бирөөнү эмес, өзүн суракка тартып, теске салышы кажет. Азирети Умар (ра): «(Кыяматта) Жоопко тартылганга чейин өзүңөрдөн сурак алгыла! Эң чоң жыйын (Алла Тааланын алдына чыгып, Ага жооп бере турган күн) үчүн (жакшылык иштерди көп жасоо менен) сулуулангыла! Арийне, бу дүйнөдө өзүн-өзү суракка алган адам үчүн кыямат күнү сурак жеңил болот» (Тирмизи, Кыямат, 25/2459)дейт.

       Жоомарттык – бул адамдын сулуулугу. Кечиримдүүлүк – өзгөчө жакшылык. Топуктуу адам азга да шүгүр келтирет, ал эми кесир көптү да жактырбайт. Жоомарт адам сөзүнө бекем туруп, катачылык кетиргендерди кечире билет. Ал өзүнө жасалган кысым-зомбулукка чыдайт, бирок эч ким андан кордук көрбөйт. Бирөөнүн сени менен кандай мамиледе болуусун кааласаң, сен аны менен дал ошондой мамиледе бол! Кечирим сураган адамга кечиримдүү бол! Жасаган жакшылык ишиңди колко кылба! Элге жакшылык кылган адам Жараткандан жакшылык табат.

Сага сөз ташыган адам сенден да сөз ташыйт. Мусулман адам дос-душман, жакшы-жаман, адил-заалым дебей, бардыгына жарык маанай, жумшак менен мамиле жасап, жамандыкка, бузукулукка, душмандыкка жол ачпашы керек. Адамдарга тартуулана турган эң пайдалуу жакшылык жана эң кымбат белек – бул жылуу мамиле, жумшак тил жана жарык маанай. Айтор, жалпыга жылуу мамиледе болуп, элдин керегине жарап ак кызматын өтөө мусулман баласынын өзгөчө сапаты.

        Улууларга урмат, кичүүлөргө ызат кылуу, алсыздарга ыракым этүү Ислам дининин талабы. Алла Таала ата-энеге урмат-сый көргөзбөө мындай турсун, аларга «уф-ф!»деп да айтууга уруксат бербейт. Мусулман боорукер, ырайымдуу болушу керек.

       Салам берүү бул сүннөт. Ал эми салам алуу парз. Азирети Пайгамбарыбыз саламды көп айтып жаюубузду, таанысак да, тааныбасак да ар бир мусулманга салам берүүбүздү зарыл деп билет.



  

© helpiks.su При использовании или копировании материалов прямая ссылка на сайт обязательна.